Өзбекстанга келгендерге милдеттүү түрдө ПЦР-тест тапшыруу жокко чыгарылды

Мурда чет өлкөдөн барган жарандар Өзбекстандын аэропорт, бекеттеринде ПЦР-тест тапшырууга милдетүү эле.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өзбекстанга келген жарандарды бекеттерден жана аэропорттон милдеттүү түрдө коронавируска тест тапшыртуу талабы алып салынды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Бишкектен Москвага канча сом менен учса болот? Марттын этегине чейинки баа
Жаңы эрежеге ылайык, коңшу өлкөгө аба жана темир жол каттамы менен барган жүргүнчүлөр COVID-19 жок экенин ырастаган маалым катты гана көргөзүп өтө алат. Сапарга чыгардан 72 сааттан же үч суткадан кеч эмес убакытта ПЦР-тест тапшырган болушу шарт.
Мындан сырткары, Өзбекстанда сапаттуу жана ишенимдүү деп таанылган чет өлкөлүк лабораториялардын тизмеси жарыяланары маалым болду.