БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 илдетинен Ош облусунан бир киши көз жумуп, 32 адам оору жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми өткөн суткада 27 киши айыкты. Атап айтканда, Бишкекте 10, Чүй облусунда 11, Ош шаарында жана Ош облусунда бирден, Нарын менен Баткен облусунда экиден бейтап илдетти жеңди. Жалпысынан 83 836 адам ооруну жеңди.
Учурда стационарда 343 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен бир адамдын абалы канааттандырарлык, 226сы орточо, 98и оор, 18и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 250 бейтап бар.