Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкуловдун гол киргизип, кайра пас берген видеосу

Командага жеңиш жана үч упай алып келген учурлардын видеосун "Кайрат" өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Алматылык "Кайрат" клубунун кыргызстандык футболчусу Гүлжигит Алыкулов "Жетису" командасына гол киргизип, дагы бир голго пас чыгарып берди. Жеңиш жана үч упай алып келген учурлардын видеосун команда өзүнүн Instagram баракчасына чыгарган.
Командалар Казакстандын быйылкы чемпионатынын алкагында кечээ, 13-мартта, Алматыда беттешти.
Оюндун 69-мүнөтүндө алматылыктардан Небойша Косович алыстан тээп гол киргизип, эсепти ачкан. Ага кыргызстандык футболчу топ чыгарып берген.
Арадан үч мүнөт өтпөй капталдан чабуулга кирген Алыкулов коргоочуну буйтап өтүп, дарбазанын алыскы бурчуна тээп гол киргизген.
Алыкулов башкы курамга кирип ойноп, 78-мүнөттө алмашууга чыгарылган.
Бул анын Казакстандын быйылкы сезондогу экинчи голу. Кыргызстандык "Месси" өлкө кубогунда "Тобол" клубуна каршы оюнда айып аянтынын сыртынан өйдөңкү бурчка таамай тээп, укмуш гол киргизген. Мындан сырткары, бир голдук пас чыгарып берген.