Радио

Юрист шылуундар белек аркылуу мүлктү кантип тартып алышарын айтып берди

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров кол коюлуучу кагаздарды шашпай окуп чыгуу керектигин белгилейт.
Sputnik
Шылуундар белек аркылуу кыймылсыз мүлктү кантип тартып алышат? Бул суроого Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында  түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, аталган келишим милдеттүү нотариалдык формага ылайык келбейт.
"Шылуундар мүлктү белекке берүү келишимине кол коюну сурануу менен тартып алышы ыктымал. Анткени Жарандык кодекстин 510-беренесинин 3-пунктуна ылайык, аталган келишим милдеттүү нотариалдык жактан таризделбейт. Эгерде жарандар мындай учурга туш келсе, укук коргоо органдарына келишимди жараксыз деп таануу доо арызы менен кайрылышы зарыл", — деди Бакиров.
Юрист документ иштерине так жана көңүл бөлүү менен мамиле кылуу керектигин кошумчалады.