Өткөн суткада 63 кишиден COVID табылды, 17 бейтап өтө оор абалда

Бактыга жараша, өткөн суткада COVID-19дан өлүм учурлары катталган эмес. Азыркы тапта ооруканаларда 318 бейтап дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө 63 кишиден коронавирус табылып, 43 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 86 818ге жетти.
Айыккандар:
Оору аныкталгандардын ичинен 83 809 бейтап дартты жеңди.
Бактыга жараша, өткөн суткада COVID-19дан өлүм учурлары катталган эмес. Азыркы тапта ооруканаларда 318 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 78 адамдын абалы оор болсо, 17 бейтаптыкы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери медиктер арасында да коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.