БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Дарыгерлер канда холестериндин деңгээли жогорулап кеткенин адамдын жүзүнөн байкаса болорун айтышты. Бул тууралуу Medical News Today басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.
Бирок адистер медик кандын анализинин жыйынтыгынын негизинде гана так диагноз коё аларын эскертишкен.
Дарыгерлер холестерин организмдин иштөөсүнө керек экенин айтып, бирок эгер ал көп болуп кетсе, жүрөк-кан тамыр илдеттерин жана башка олуттуу ооруну чакырышы ыктымал экенин белгилешти.