ESPN журналистин түз эфирде чоң экран басып калды. Селт эттирген видео

Программанын алып баруучусу жарнамалык тыныгуу жарыялоого шашкан. Окуянын кесепетинен кесиптешинин тиши сынып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Спорттук ESPN телеканалынын журналисти Карлос Ордузаны түз эфир учурунда чоң экран басып калды.
Журналист түз эфир алып барып жатканда көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү. Видео
Муну көргөн жанындагы алып баруучу шашып, жарнамалык тыныгуу жарыялаганы да видеодо көрсөтүлөт.
Күтүүсүз окуянын кесепетинен журналисттин бир тиши сынып кеткен.