Жапаров менен Мирзиёев Өзбекстандын резиденциясына бак тикти. Сүрөт

Ардактуу коноктордун аллеясында Өзбекстан менен өнөктөш өлкөлөрдүн башчылары отургузган бак-дарактар өсүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги "Куксарой" резиденциясына бак тигишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги "Куксарой" резиденциясына бак тигишти
2 / 3
Карагай Ардактуу коноктордун аллеясына отургузулган
3 / 3
Жапаров Өзбекстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт
Карагай Ардактуу коноктордун аллеясына отургузулган.
"Азем өзбек-кыргыз мамилелеринин жаңы доорунун башталышынын жана достугунун символу", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров Өзбекстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт.
Ардактуу коноктордун аллеясында Өзбекстан менен өнөктөш өлкөлөрдүн башчылары отургузган бак-дарактар өсүп турат. 2019-жылы бул жерге Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жана Казакстандын биринчи лидери Нурсултан Назарбаев бак тиккен.