Өлкөнүн башкы документи кантип сунушталып, кандай жол менен элдин тандоосуна коюлуп жатканына кызыгып жатасызбы? Балким ар кандай маалыматтардан башыңыз айланып калган чыгар. Sputnik Кыргызстан агенттиги төрт айлык процессти кыскача баяндап, окурмандарга ирети менен түшүндүрүп берет.
Демилгечи делген 80 депутат, "мен жазган эмесмин"
Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин сайтына 80 депутат Конституциянын жаңы редакциясын жазып чыкканы жарыяланды. Анда 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүү демилгеленген.
Өзгөртүүгө сунушталган Баш мыйзам көпчүлүктүн купулуна толгон жок. Соцтармакта "Бакиевдин дооруна кайтып жатабыз", "Ханституция" деген нааразычылыктар айтылды. Буга президенттин ыйгарым укуктары алда канча кеңейтилгени негиз болду.
Ошол эле учурда документтин авторлору табылбай жатты. Депутат Эмил Токтошев демилгечи экенин соцтармактан билгенин айтса, Айгерим Бешимбаева өзгөртүүлөргө каршы экенин билдирип, Бектен Сыдыгалиев кол тамгасын артка чакыртып алды. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Конституция долбоорун окубаганын, жадагалса көрбөгөнүн моюндаган. Башка эл өкүлдөрү даяр документти көрүп, ага автор болууга гана макулдук бергенин билдиришти.
Ошентип жаңы Конституциянын долбоорун ким жазганы табышмак болуп турган. Ал арада депутат Канат Исаев "автор Садыр Жапаров өзү, долбоор президенттин же өкмөттүн аппаратында жазылган" деген пикирин айтты.
Дагы бир жагдай менен сунушталган демилгени артка чакыртуу ыктымалдуулугу жаралды.
Баш мыйзамдын 114-беренесинин 3-абзацына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен (80 депутат) кем болбогон эл өкүлдөрүнүн демилгеси менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы керек. Кээ бир депутаттар долбоордун автору экенин четке какканын эске алганда, демилгечилердин саны 80ге жетпей калган. Деген менен мындай көрүнүш таасир эткен жок.
Венеция комиссиясынын кабатырлануусу
Венеция комиссиясы (Европа кеңешиндеги консультативдик орган) Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жылдырылышы боюнча чукул корутундусун чыгарды. Анда мөөнөтү бүтүп, ыйгарым укуктары токтогон парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаларды жүргүзө албастыгы белгиленген. Жалпылап айтканда, ЖК оюн эрежесин өзгөрттү деп кабатырланган.
Өлкөнүн кээ бир юристтери да мөөнөтү бүткөн, жарым жан Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүүгө укугу жок экенин айтып келе жатышат. Ошондой эле долбоордо бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай калганы боюнча коңгуроо кагылууда.
Конституциялык кеңешменин түзүлүшү
20-ноябрда Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү. Буга коомчулуктун сын пикирлери да себеп болду. Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов жарлык чыгарып, кеңешменин курамына 90 адамды киргизди. Алар илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер эле.
Бекбосун Бөрүбашов Конституциялык кеңешменин төрагасы, Канат Керезбеков менен Осмон Тогусаков орун басары болду. Беш күндөн кийин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деп Керезбеков курамдан чыгарылып, кайра 10 адам кошулду. Ошентип 100гө чукул адам башкы документти жазууга киришти.
Бул учурда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы тараптар улам-улам митинг, жүрүштөрдү өткөрүп жатканын белгилей кетүү керек.
Биринчи башкаруу формасын аныктап алалы
3-декабрда "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоору парламентте каралды. Элге "президенттик же парламенттик башкарууну каалайсызбы?" деген суроо коюлган. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар үч окуудан колдоп берди.
Бийлик "алгач башкаруу формасын аныктап алып, анан элдин тандоосуна жараша Баш мыйзам жазуу керек" деген позициясын билдирди. Натыйжада президенттик шайлоо менен бирге референдум өтө турган болду.
Муну менен ноябрдагы Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу кийинкиге жылдырылды. Конституциялык кеңешме да ишин убактылуу токтотту.
2021-жылдын 10-январында референдум өтүп, президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты.
Добуш берүүгө 1 миллион 401 миң 450 киши катышып, жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түздү. Анын ичинен 81,5 пайызы президенттик башкаруу формасын тандады.
Долбоорду эч ким өзгөртө албасы белгилүү болду
Референдумдан кийин Конституциялык кеңешме ишин жандантып, 27-январда миссиясын жыйынтыктады. Долбоор 3-мартта Жогорку Кеңешке келип түштү. Бирок коомдук талкууга чыккан жок, муну анын лингивистикалык экспертизадан өтүп жатканы менен түшүндүрүштү.
Акыры 9-февралда Баш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Ал эми 17-февралда демилгечи депутаттар менен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуу өткөргөн. Бул күнү жаңы жагдайлар чыкты.
Көрсө, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жаңы Баш мыйзамды жазбаптыр. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов алардын милдети 80 депутат демилгелеген долбоорду иретке келтирүү болгонун айтты. Талант Мамытов кеңешме түзүү боюнча жарлык чыгарганда "долбоордун концепциясынан чыкпай иштесин" деген талап койгону айкын болду.
Депутаттар долбоордун бир нече кемчилигин атап, сунуштарын беришти. Бирок анын бири да эске алынып кошулган жок. Бул парламентарийлерди дагы таң калтырды.
Кыскача айтканда, Конституциялык кеңешме сунуштаган долбоорду Жогорку Кеңеш өзгөртүүгө укугу жок экени айтылды. Депутаттар тек гана референдум дайындоого макулдук берип же четке кага алары белгилүү болду.
Жыйынтыктап айтканда, баштапкы долбоорду эч ким олуттуу түрдө өзгөртө алган жок жана аны ким жазганы белгисиз бойдон кала берди.
Ал арада Sputnik Кыргызстандын кабарчысы депутаттардан сунушталган Конституцияны канчалык деңгээлде окуганын билүүгө аракет кылды. Сурамжылоого катышкан 16 депутаттын бири да туура жооп бере алган жок.
Жогорку Кеңеш кантип колдоп, кимдер каршы чыкты
2-мартта долбоорду Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карады. Анда көп талкуу болгон жок, төрт-беш депутат гана суроо берүү менен чектелип, жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.
3-мартта парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Анда депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун мүчүлүштүктөрүн айтып, оңдоону талап кылышкан. Бирок төрага Талант Мамытов долбоор талкууга жатпай турганын кайра-кайра эскертти.
"Долбоорду Конституциялык кеңешме жазып чыккан, азыр парламент референдумду гана дайындашы керек. Андыктан Баш мыйзамдын долбоорун талкуулабай, референдум дайындоону карайлы", — деди Мамытов.
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев референдум дайындоого негиз болчу Конституциялык палата менен өкмөттүн корутундусу жок экенин айтып чыкты.
Андан соң өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов оң корутунду берилгенин билдирди.
Ал арада Айгерим Бешимбаева дагы деле долбоордун авторлорунун тизмесинде аты-жөнү турганын айтып, алып салууну талап кылды. Анын артынан Чынара Урамкалиева дагы демилгечи эместигин айтты.
Түрмөдө, мүрзөдө жаткан депутаттар кантип добуш берүүдө?
Рыскелди Момбеков автор катары документке 1-мартта кол койду делген депутаттардын арасында 28-февралда көз жумган Алмазбек Акматов, тергөө абагында отурган Кубанычбек Жумалиев дагы бар экенине таң калды.
Жаңы Конституциянын долбоору парламентте каралып жатканда дагы 80 эл өкүлү автор экени айтылып, бирок аты аталган жок. Депутаттар алар ким экенин бир топко чейин издешти, эч ким билбей койду. Акыры Дастан Бекешев тапкандай болду. Ал өкмөт менен тармактык комитеттин корутундусунда автор катары Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев жана Мирлан Бакиров жазылганын билдирди.
Натыйжада референдум өткөрүүгө эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, тогузу каршы чыкты. "Макул" деп добуш бергендердин арасында тергөө абагында отурган Дүйшөн Төрөкуловдун бар экени дагы бир ирет таң калтырды.
Бул күнү бир эле депутат төрт-беш кесиптешинин ордуна добуш бергени камерага даана тартылып калды.
Депутаттардын саны аз, добуш берүү кийинкиге жылдырылды
10-март күнү долбоор экинчи окууда каралды. Бул маселе каралары алгач айтылган эмес. Жыйын башталып, күн тартиби бекитилип бир мыйзам каралгандан кийин эл өкүлү Бактыбек Турусбеков чыгып, Референдум дайындоо мыйзамын күн тартибине киргизүүнү сунуштап, добуш берүү менен чечилди.
Андан соң Жанар Акаев күн тартиби бекитилгенден кийин өзгөртүү киргизилбеши керектигин айтып, регламент бузулганын белгиледи.
Ал эми Дастан Бекешев долбоорду тармактык комитет экинчи окуудан карабаганын айтып чыкты.
Рыскелди Момбеков мындай жол менен кетсе кийин бирөө сотко берип, азыркы кабыл алынган мыйзамдардын баары жокко чыгарын эскертти.
Кесиптештеринин пикирин четке каккан Өмүрбек Бакиров октябрь окуяларында бийликке жетпей калгандар ызаланып ушундай кадамга барып жатат деген оюн билдирди.
Талаш-тартыштан кийин добуш берүү башталды. Бирок ал күнү каралган башка мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, референдум дайындоону кийинкиге калтырышты.
Референдум өткөрүү мыйзамына кеминде 80 депутат макулдук бериши керек. Ал эми каттоодон өткөн эл өкүлдөрүнүн саны 84тү гана түзгөн. Мындан улам өтпөй калуу кооптуулугу бар эле. Анын үстүнө журналисттер бирөөнүн ордуна добуш бергендерди камерага тартып турган.
Абактагы депутат парламентке кирип келди
11-март күнү дароо эле экинчи жана үчүнчү окуудан добуш берилди. Депутаттардын саны көбөйүп, зал толуп калды. Каттоодон 100 эл өкүлү өттү. Ошол учурда залга эки ай мурда УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагында отурган депутат Дүйшөн Төрөкулов залга кирип келди. Ал 10-мартта кечинде үй камагына чыкканын айтты.
Натыйжада референдум өткөрүүгө 94 депутат "макул", алтоо "каршы" добуш берди. Алар: Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталия Никитенко, Чынара Урумкалиева жана Бактыбек Жетигенов.
Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталды. Бул мыйзам долбооруна эми президент кол коюшу керек.