Мирзиёев Жапаровго технопаркты көрсөтүп, 20 тез жардам унаасын белек кылды

Жапаров менен Мирзиёев Ташкент шаарындагы "Яшнабад" инновациялык технопаркына барып, ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өзбекстан кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасын белекке берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Өзбекстан кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белекке берди
2 / 4
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев менен Ташкент шаарындагы "Яшнабад" инновациялык технопаркына барып, өндүрүлгөн транспорт каражаттарын көргөн
3 / 4
Өлкө жетекчилери технопарктын көргөзмө залына барып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда чыгарылган продукцияларды көрүп чыгышканы белгиленет
4 / 4
Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев менен Ташкент шаарындагы "Яшнабад" инновациялык технопаркына барып, өндүрүлгөн транспорт каражаттарын көргөн.
Баткен облусунун ооруканаларына 9 тез жардам унаасы берилди. Сүрөт
Өлкө жетекчилери технопарктын көргөзмө залына барып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда чыгарылган продукцияларды көрүп чыгышканы белгиленет.
Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.