Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев расмий жолукту. Сүрөттөр

Резиденциянын алдындагы аянтка эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинди. Расмий гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басып өтүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарынын "Куксарой" резиденциясында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болду. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 8
Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарынын "Куксарой" резиденциясында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болду
2 / 8
Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди
3 / 8
Резиденциянын алдындагы аянтка эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинди
4 / 8
Расмий гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басып өтүштү
5 / 8
Андан ары Жапаров менен Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү
6 / 8
Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында президенттер чакан форматтагы сүйлөшүүгө киришти
7 / 8
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болду
8 / 8
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болду
Ташкент Садыр Жапаровду кантип тосуп алды. Видео
Андан ары Жапаров менен Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү. 
Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында президенттер чакан форматтагы сүйлөшүүгө киришти.