Өзбекстанга Садыр Жапаров баштаган чоң делегация кетти. Курамы

Мамлекеттик сапардын алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу алака түзүүнүн келечеги талкууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Токмокто Ислам академиясы ачылат. Жапаров БАЭ фондунун жетекчилерин кабыл алды
Мындан сырткары, Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугары пландалып жатканы белгиленди.
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү дагы мерчемделүүдө.
Кыргызстандын делегациясынын курамы: