КРде кургак учукту үй шартында дарылаган медиктерге кошумча акы төлөнөт

Жаңы жуктуруп алган кургак учукту дарылоого 12 миң сом, дары-дармекке туруктуу болуп калган илдетти жеңүүгө 24 миң сом каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанда кургак учукка кабылган адамды амбулатордук шартта толугу менен дарылаган дарыгердин айлыгына кошумча акы төлөнөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Айлыкка кошула турган акчанын көлөмүн оорунун формасына жараша аталган фонд аныктайт.
Жаңы жуктуруп алган кургак учукту дарылоого 12 миң сом, дары-дармекке туруктуу болуп калган илдетти жеңүүгө 24 миң сом каралган. Мындай кошумча айлык диагноз коюлгандан тарта толугу менен сакайганга чейин оорулууга көз салган медиктерге берилет.
Жогорудагы сумма медициналык кызматкерлерге төмөнкүчө бөлүнөт:
Бул аракет 2017-2021-жылдар аралыгында кургак учукка каршы күрөшүү программасынын алкагында ишке ашканы турат.
2017-жылы мындай төлөмдөр алгачкы жолу кургак учукка кабылган адамды толугу менен дарылаган дарыгердин айлыгына кошула баштаары айтылган.