Салмактуу карап... Кыргыз мушкери BRAVE CF мелдешиндеги көз караш таймашында

Мелдеш Бахрейнде өтөт. Анда үч кыргызстандык мушкер күч сынашат. Алардын бири мелдештин башкы беттешинде кармашка чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу (жеңил салмак) BRAVE Combat Federation уюмунун кезектеги беттешинин алдында атаандашы менен көз караштар таймашына чыкты. Бири-бирине тик карашкан мушкерлердин таймашын промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 
Абдисалам уулу ММА спортундагы эң абройлуу, UFC уюмунун экс-мушкери филиппиндик Роландо Дай менен кез келет.
Кыргызстандык атлет атаандашына салмактуу көз караш менен карады. Ал буга чейин тажрыйбалуу мушкерге чыгарын, күйөрмандардын колдоосу жана ишеничи менен мыкты беттеш көрсөтүү ниети бар экенин айткан.
Тай боксчу Шерзод Кабутов атаандашын ичке тээп, нокаутка кетирди. Видео
Роландо Дай ММА спортунда 18 беттеш өткөрүп, 14үн уткан. Төрт жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу 19 беттешке чыгып, 17 атаандашын жеңген. Эки ирет утулган.
Эскерте кетсек, Абдисалам уулу буга чейинки, 16-январдагы, беттешинде тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алган.