COVID акыркы суткада Бишкек менен Чүйдө гана катталды. Бир киши көз жумду

Учурда стационарда үч жүздөй бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 11 адамдын өтө оор абалда экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 34 кишиде аныкталып, бир киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда пандемиядан бери 86 640 адамдан оору чыкты.
Бир сутка ичинде COVID-19дан (пневмонияны эсепке алганда) 60 киши сакайды:
Ушуну менен айыккандардын саны 83 666га жетти.
Тилекке каршы, соңку суткада COVID-19 илдетинен Ош шаарынан бир киши көз жумду. Жалпы каза тапкандардын саны 1 476га жетти.
Учурда стационарда 294 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 82си оор, 11и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 261 бейтап бар.