Бишкектин жолдорун жамоо иштери башталды. Сүрөт

9-марттан тарта асфальт-бетон чыгарган завод ишке киришип, бир күндө 35 тоннадан ашыгыраак асфальт чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкектин жолдорундагы аң-чөнөктөрдү жамоо иштери башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4
Бишкектин жолдорундагы аң-чөнөктөрдү жамоо иштери башталды
2 / 4
Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты
3 / 4
9-марттан тарта асфальт, бетон чыгарган завод ишке киришип, 35 тоннадан ашыгыраак продукция чыгарган
4 / 4
Оңдоло турган көчөлөрдүн тизмеси ЖМКларга, социалдык тармактарга чыккан маалыматтардын, шаардыктар кайрылган арыздардын, комиссия карап келген жана акимчиликтер сунуштаган жерлерден түзүлгөн
"Жаздын биринчи күнүнөн тарта "Бишкек асфальт сервис" шаардын көчөлөрүн иретке келтире баштады. Биз 2021-жылдагы өндүрүштүк планга ылайык, аң-чөнөктөрдү оңдоп-түзөө иштерине кириштик", — деп айтылган маалыматта.
9-марттан тарта асфальт, бетон чыгарган завод ишке киришип, 35 тоннадан ашыгыраак продукция чыгарган.
Алар 10-мартка карата төмөнкү кесилиштерди оңдогон:
Оңдоло турган көчөлөрдүн тизмеси ЖМКларга, социалдык тармактарга чыккан маалыматтардын, шаардыктар кайрылган арыздардын, комиссия карап келген жана акимчиликтер сунуштаган жерлерден түзүлгөн.