БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп Эркин Тентишев дайындалды. Маалымат Чүй облустук администрациясынын Facebook баракчасына жарыяланды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин Чүй облусуна жетекчи болуп келген Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынганы айтылды.