БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Базар-Коргон райондук милициясы изделип жаткан өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктап, мал уурулук фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, райондук милиция 5-9-март күндөрү "Мал уурулугу" аттуу рейд жүргүзүп, ага ички иштер органдарынын бир нече кызматы тартылган.
"Иш-чаранын алкагында дайынсыз жоголгон жашы жете элек өспүрүм Бишкекте жүргөнү аныкталып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Ошондой эле уурулук фактысына шектелген жаран да Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Мындан тышкары, мал-жандык ташып алектенген 58 айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Мындай рейд облустун башка аймактарында да жүргүзүлүп жатат.