Ноорузда көк бөрү легендаларынын жаркын элесине арналган өлкө чемпионаты өтөт

Ат оюндары 13-21-март күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтмөкчү. 12-мартта чүчү кулак тартылат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеш быйыл көк бөрү легендалары Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган “Ачык чемпионат" деген аталыш менен уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун Улуттук федерациясы билдирди.
Ат оюндары 13-21-март күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтмөкчү. 12-мартта чүчү кулак тартылат.
"Нооруз - 2021 турнири аталган улуттук оюндун легендалары Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган ачык чемпионат катары өткөрүлөт. Бул Көк бөрү федерациясынын башкармалыгында чечилген", — деп айтылат маалыматта.
Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр
Командалардын катышуу боюнча билдирүүлөрү 11-март күнү саат 17:00гө чейин Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясына тапшырылышы керек.
Быйылкы мелдешке 26 команда катышары күтүлүүдө, оюндар тайпалык этаптан башталат.
Кыргызстандын Көк бөрү боюнча улуттук федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган мелдешке Казакстандан команда чакырылганын билдирген.