ЖКга эки жаңы депутат келди. Алардын бири спортчу, ЕРЕМ клубунун жетекчиси

Атазов — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, мурда Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Аманова "Небесные горы" туристтик компаниясын жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жаңы эки депутаты Шайлообек Атазов менен Бурун Амановага мандат тапшырды.
1 / 2
Шайлообек Атазов
2 / 2
Бурун Аманова
Аларга мандат тапшыруу чечимин БШК өзүнүн кезектеги отурумунда кабыл алган.
Атазов жакында эле депутаттыктан кетип президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келди. Ал — кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, мурда Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Аманова Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кеткен Гүлнара-Клара Саматтын мандатын алды.
Сиз келипсиз, бүтөт. Марипов жаңы мандат алган депутатты тамашага салды. Видео
Аталган депутаттар 2015-жылкы шайлоодо "Ата Мекен" партиясы менен катышкан.
Бирок Шайлообек Атазов жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" (49-катарда) партиясы менен аттанган. ЕРЕМ спорт клубунун аткаруучу директорлугу кызматын аткарган.
Атазов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо максатында өткөн 19-февралдагы митингдин модератору болгон.
Бурун Аманова "Биримдик" партиясы (40-катарда) менен катышкан. "Небесные горы" туристтик компаниясынын жетекчиси.