Бишкектеги кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү. Кейиштүү сүрөттөр

Кечээ кечинде сегиз жарымдарда болгон өрт түнкү 00:01де чектөөгө алынып, толугу менен араң бүгүн саат 13:23тө өчүрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Борбор калаанын четинде кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады.
Белгилей кетсек, министрлик кечээ өрт "Дордой" базарындагы павильондон чыкканын билдирген. Бүгүн такталган маалымат боюнча, тилсиз жоо Дордой районундагы Кожевенная көчөсүндөгү "Алтын-Тоо" базарынын аймагында катталды.
1 / 2
Борбор калаанын четинде кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады
2 / 2
Белгилей кетсек, министрлик кечээ өрт "Дордой" базарындагы павильондон чыкканын билдирген
Кечээ кечинде сегиз жарымдарда болгон өрт түнкү 00:01де чектөөгө алынып, толугу менен араң бүгүн саат 13:23тө өчүрүлдү.
Токмок: талаадагы камыштан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзүп, имараттын 200 чарчы метр аянты жана кездемелер күйүп кеткен. Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.
Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.