Марипов: быйыл салык менен бажы процедураларын толук санариптештирүү керек

Өкмөт башчы салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталганын, бирок дагы деле кемчиликтер бар экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов быйыл санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук кандуу ишке берилүүгө тийиш экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйын өткөргөн.
Ал бажы тармагын санариптештирүү боюнча иштер жакшы жүрбөй жатканын, бул жаатка басым жасаларын айткан.
Премьер-министр Улукбек Марипов быйыл санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук кандуу ишке берилүүгө тийиш экенин айтты
"Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталып, белгилүү бир натыйжага жетиштик. Ошону менен бирге кетирилген каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, бюджетке каражат түшүүлөрдү көбөйтүү, салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафактылык продукциядан коргоо, көмүскө экономиканын үлүшүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүү деген маанилүү нерселерди эске алуу керек", — деген Марипов.
Марипов системалык негизде салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн.