Бир суткада 55 адамдан COVID табылып, Көлдө бир бейтап көз жумду

Азыркы учурда коронавирус жуктурган 344 бейтап ооруканада дарыланууда. Анын ичинен 83 адам оор абалда болсо, 17синин абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өткөн суткада КРде 55 кишиден коронавирус аныкталып, 60 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны өлкөдө 86 506га жетти.
Айыккандар:
Швецияда жарыкка келген ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылды
Тилекке каршы, илдет Ысык-Көл облусунан бир бейтаптын өмүрүн алган. Аны кошкондо жалпы 1 471 адам акка моюн сунду. Азыркы учурда коронавирус жуктурган 344 бейтап ооруканада дарыланууда. Анын ичинен 83 адам оор абалда болсо, 17синин абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган эмес.