Кыргызда төбөсү түшүрүлгөн калпак аза күтүүнүн белгиси болгон. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда ыңгайына карап калпактын төбөсүн ичине киргизип кийип жүрүшөт. Ата-баба салтында жай турмушта буга уруксат берилген эмес.
"Кыргыздын кийинүү маданияты чоң философияны камтыйт. Аялдар эле эмес, эркек кийимдеринде да ар кандай учурга байланыштуу эрежелер болгон. Мисалы, эр киши эч качан төбөсү түшүрүлгөн калпак кийген эмес. Анткени бул азанын белгиси болгон. Жакыны көз жумуп, аза күтүп жүргөн эркек гана калпагынын төбөсүн ичине киргизип кийген. Муну алыстан көрүп эле азалуу адам экен деп билишкен. Анткени калпак ак мөңгүлүү Ала-Тоону туюндуруп, жакыны каза болсо тоом кулады, мөңгүм урады деген маанини берген. Азыр эми унаага түшкөнгө ыңгайлуу экен деп же башка себеп менен төбөсүн түшүрүп кийип жатышат, бул таптакыр туура эмес", — деди Мураталиев.
Ал калпактын төбөсүн түшүрүп кийүү шлапяга окшотуудан да келип чыккан маданият катары сиңип баратканын кошумчалады.