Бусурманкул Абдибаит уулу Хабиб Нурмагомедовдун лигасында беттешке чыгат

Кыргыз мушкери ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмунда кезектеги беттешине чыгат. Мелдештин расмий постерин аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
UFC уюмунун жеңилбес чемпиону Хабиб Нумагомедовдун лигасынын EFC 34 мелдеши 19-мартта Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулуна россиялык Владислав Королевский атаандаш болот.
Кыргызстандык жеңилбес мушкер ONE Championship уюмунда дебюттук беттешине чыгат
Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген. Карьерасында үч ирет жеңилүү ызасын тартканы маалым.
Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.