Премьер Сауд Аравиянын элчисине түз авиакаттам ачууну сунуштады

Жолугушууда Кыргызстанда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелери талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жуманы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.
1 / 3
Премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жуманы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды
2 / 3
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Кыргызстанда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу маселелерин талкуулашты
3 / 3
Өкмөт башчы Сауд Аравия менен түз авиакаттам ачуу маселесин карап көрүүнү сунуштады
Марипов РФ элчиси Удовиченко менен келишимдерди аткаруу жолун талкуулады
Өкмөт башчы Сауд Аравия менен түз авиакаттам ачуу маселесин карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле ата мекендик продукцияларды экспорттоо жана инвестиция тартуу максатында Сауд Аравияда көргөзмө-жарманкелерди уюштуруу ортого салынды.
Өз кезегинде элчи бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду активдештирүүгө даяр экенин белгиледи.