Марипов РФ элчиси Удовиченко менен келишимдерди аткаруу жолун талкуулады

Ушул жылдын 24-25-февралында президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына барып, бир катар макулдашууларга кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Россия элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда Марипов Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки мамлекетти көп нерсе байланыштырып турарына токтолгон.
1 / 3
Премьер-министр Улукбек Марипов Россия элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
2 / 3
Жолугушуу учурунда Марипов Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки мамлекетти көп нерсе байланыштырып турарына токтолгон
3 / 3
Өз кезегинде Удовиченко кызматташуунун актуалдуу маселелерин ыкчам чечүүгө даярдыгын белгиледи
"Премьер элчи менен саламаттык сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташууга, инвестициялык климатты жакшыртууга, биргелешкен долбоорлорго тиешелүү маселелердин комплексин талкуулады. Муну менен катар КР өкмөтү президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөрүн айтты", — деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Удовиченко кызматташуунун актуалдуу маселелерин ыкчам чечүүгө даярдыгын белгиледи.