Бишкекте Октябрь РИИБинин эки ыкчам кызматкери кармалды. Видео

Милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды. Билдирүүнү Sputnik Кыргызстан агенттигине Финполдун маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.
Маалым болгондой, милиционерлер 2-мартта жабыркаган адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан.
1 / 2
Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды.
2 / 2
Ага ылайык, колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө
Калган 25 миң сомду алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.
Колго түшүрүү учурунда тартылган сүрөттөрдү укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар беришти.