Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочулардын ар биринен акча алгандар кармалды

Учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер уланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлери менен Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Турускул" салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Колго түшкөндөр Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча коррупцияга шектелип жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлери көмүрдү тоскоолдуксуз жүктөп кетүү үчүн ар бир айдоочудан 1000 сомдон алып турушкан.
"Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге 15 376 жүк ташуучу унаага көмүр жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде унаалардын саны 22 199ду түзгөн. Натыйжада "Кыргыз көмүрдүн" кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан", — деп айтылат маалыматта.
Ушундай эле схема "Турускул" салмак-габариттик көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан уюштурулганы аныкталды.
"Көмүрдү уруксат берилген көлөмдөн ашык жүктөп өтүү үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алып турушкан", — дешти УКМКдан.
Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын эки кызматкери жана "Турускул" салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспектору кармалып, Нарын шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.