БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстанга мамлекеттик сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Нур-Султан шаарында Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.
Ошондой эле мамлекет башчысынын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушуусу каралган.
Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалганы айтылды.
КР делегациясынын курамы: