Талант Мамытов: бийликке "каралар" келди дегендер таржымалыбызды окуп койсун

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы өзгөчө окуялары менен эсте калды. Президенттик башкарууга өтүү, Конституцияны өзгөртүү сыяктуу тарыхый чечим кабыл алып, ар бири жеке инсандык да, депутаттык да сапатын көрсөттү. Парламенттин учурдагы спикерин кепке тарттык.
Sputnik
Талант Мамытовдун шыбагасына башка төрагалардан айырмаланып президенттин милдетин убактылуу аткаруу да буюруптур. Эл өкүлү бизге берген маегинде абактагы күндөрүнөн тартып президенттин милдетин аткаруудагы сезимдерине чейин бөлүштү.
— Октябрь башаламандыгынан кийин Кыргызстан күтүүсүз көп окуяларды баштан өткөрдү десек болот. Ар бир күн тарыхый көз ирмемдер менен коштолуп жатты. Мына ошондой окуялардын артында төрагалардын катар-катар алмашуусу менен төрагалык кызматка сиз да келип калдыңыз. Планыңызда бар беле?
— Жок, андай оюм болгон эмес, күтүүсүздөн болду. Өткөн жылдын 5-6-октябрында элдик толкундоо болуп өттү. Мунун баарын парламенттик шайлоо шарттады. Мен ал кезде катардагы талапкер катары шайлоо иштери менен аймактарда болчумун. Толкундоого кийин келип кошулуп, өлкөдөгү саясий абалды турукташтырууга болгон аракетимди жасадым.
— Калк арасында сиздин Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич менен достук мамилеңиз жашыруун сыр эмес. Ушул достугуңуздун арты менен төрага болуп келип калганыңызды айтышат. Буга кандай комментарий берет элеңиз?
— Ошол 5-6-октябрдагы окуяларда депутаттар "Достук" мейманканасына топтолгонбуз. Анткени Ак үй талкаланып, өрттөлгөн эле. Оор мезгилде абалды турукташтырууга бардык күч-аракетибизди жумшадык. Саясий көз караштар ар кандай болгондуктан депутаттардын тең жарымы "Жаннат" мейманканасына, айрымдары "Достук" конок үйүнө чогулган. Депутаттар саясий нукту калыпка келтирүүгө болгон аракетибизди жумшадык. Биздин милдетибиз, максатыбыз ушул болчу. Мыйзам боюнча премьер-министр кызматына талапкер коалициялык көпчүлүктөн сунушталат. Ошол эле учурда парламент да өз позициясын билдирет. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Дастан Жумабеков парламентке келип, саясий туруктуулук болсун деген максатта кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берген. Ошондо парламенттеги аксакал депутаттардын бири Мыктыбек Абдылдаевди төрага кылып шайладык. Андан соң премьер-министр кызматына Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин коалициялык көпчүлүк сунуштады. Андан кийин өкмөттүн структурасын, курамын жана программасын бекитип берүү керек эле. Бул резиденцияда өттү. Бирок Мыктыбек Юсупович өз ыктыяры менен кызматтан баш тартып, анын ордуна Канат Исаев төрага болду. Ал дагы президенттик шайлоого катышуу ниетинен улам төрагалык кызматтан кеткендиктен менин талапкерлигим көрсөтүлдү. Бул депутаттардын сунушу болду. Экинчиден, мамлекеттеги саясий абалды жолго салууда элибиздин тагдырын чечүүчү чоң жоопкерчиликтүү учур эле.
Мамытов: 5-6-октябрдагы толкундоого кийин келип кошулуп, саясий абалды турукташтырууга болгон аракетимди жасадым.
— Албетте, милдет менен бирге эле тарыхый чоң жоопкерчилик сиздерге жүктөлүп отурат. Элибиз сөзгө чечен эмеспи "эки дос кетип, үч дос келди" деп, сиздерден бир жакшы жыйынтык күтүп жаткан учуру. Үчөөңүздөрдүн достугуңуздар тууралуу эмне айта аласыз?
— Бизди дос, пикирлеш же максатташ адамдар деп айтса да болот. Тарыхыбыз 2010-жылдан башталган. Бир партиядан Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенбиз. Садыр Жапаров менен ошондо таанышкам. Негизи Камчыбек Кыдыршаевич менен да ошол партияга кирген соң жакын болдук. Ал Жалал-Абад облусу боюнча куратор болгон, мен Ноокен, Майлуу-Суу аймагынан талапкер элем. Аймактардан тиешелүү добуш алып келгенден кийин фракцияда чогуу иш алып бардык. Ошол кезде бир чоң маселе катары Кумтөрдү көтөрүп чыкканбыз. Принципиалдуу максаттардан тайбастан оппозициялык фракция болсок дагы атайын түзүлгөн комиссияны Садыр Нургожоевич жетектеп, керектүү бардык фактыларды алып чыктык. Анын арты менен парламентте саясий көз караштардын кагылышы болду. Депутаттардын кээ бирлери Кумтөрдү алуу керек десе, экинчилери ага каршы чыкты. Бирок биз ошол кездеги фактыларды көрүп, "мыйзам чегинде баа берилсин" деген бирдиктүү чечимди карманганбыз. Мөңгүлөрдүн жок болуп кетиши, таштанды калдыктардын сакталышы жана экологиялык маселелерди тасмадан көрүп, депутаттар "Кумтөр мамлекетке алынышы керек" деп баары бир ооздон колдоп беришкен. Бирок эртеси күнү кесиптештерибиз позициясын таптакыр өзгөртүп "Кумтөрдү ала албайбыз, бизде адистер жок" деген пикирин билдирип, көбү баш тартып коюшкан. Бирок 35 депутат принцибибизден тайган эмеспиз. Акыры башкача чечим чыгып калган. Бизди бириктирген ушул маселе болду.
— Кумтөр боюнча азыркы көз карашыңыз кандай?
— Бул маселени көтөргөнүбүзгө сегиз жылдан ашып калыптыр. Өткөн жумада биз Кумтөрдү изилдеп чыгуу боюнча депутаттык комиссия түздүк. Отурумда ошол токтомду өзгөртүп, мурда депутаттык комиссия болсо, аны азыр "мамлекеттик комиссия" деп өзгөрттүк. Анын ичине мамлекеттик органдардан да мүчөлөр кирди. Мисалга Экотехинспекция, ИИМ, УКМК өңдүү органдар кошулду. Ал жактагы экологиялык абалды, алтындын запасын карап чыгуу керек. Ошол себептен аталган комиссия түзүлдү. Мунун баары мыйзам чегинде жүрүшү керек. Албетте, келишимдер түзүлгөн, бирок ошонун баары канчалык деңгээлде туура иштеп жатат? Экономикалык, экологиялык жана юридикалык жагы кандай? Бул тууралуу сөзсүз экспертизалар жүрүшү зарыл. Ошонун натыйжасы менен туура чечим кабыл алынышы керек деп ойлойм.
Мамытов: Жапаровдун биринчи иш сапары Россияга болушу биз үчүн чоң мааниге ээ. Россия менен биздин стратегиялык өнөктөштүк мамилебиз бар.
— Кечээ жакында эле Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Эксперттер жолугушуу жылуу маанайда, абдан жемиштүү болгонун айтып жатышат. Президент абдан чоң делегация менен барды десек да болот. Ошол эле убакта парламенттердин өз ара мамилеси тууралуу да сөз болду. Бирок парламенттин өкүлүн көрө алган жокпуз. Эки өлкөнүн парламенттик мамилелеринин президенттик деңгээлде сүйлөшүлгөнүнө сиз кандай баа бересиз?
—Жаңы шайланган президентибиздин биринчи иш сапары Россия Федерациясына болушу биз үчүн чоң мааниге ээ. Россия менен биздин стратегиялык өнөктөштүк мамилебиз бар, ЕАЭБ алкагындабыз. Ошондой эле ЖККУ, ШКУ боюнча да бардык тараптан кызматташтык алаканы чыңдоо биз үчүн приоритет. Азыркы убакта бюджеттин ички дүң продукциясынын 30-40 пайызы миграциядан келип түшүүдө. Бул да маанилүү маселелердин бири. Муну менен катар парламенттик кызматташуу да бар. КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы "Парламент аралык ассамблея" деп бир топ модулдук мыйзамдарды кабыл алдык. Кызматташтык алкагында мыйзамдардын шайкеш келиши боюнча да бир катар иштер жүргүзүлөт. Бардык мамилелер кызматташтык мыйзамы менен жөнгө салынат. Демек, бул багыт да биз үчүн олуттуу.
Бардык маанилүү маселелер боюнча мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуулар болду деп эсептейм. Жолугушуулар абдан жогорку деңгээлде өттү.
— Жакында эле президенттик башкарууну тандап алдык. Муну менен 15 жыл артка кеттик деп айтып чыккандар да болду. Демейде башка мамлекеттин депутаттары парламенттик башкарууга ынтызар болушат. Жогорку Кеңеш болсо өзүнүн колундагы башкаруусун жөн эле берип койгондой түр көрсөттү. Бул ЖКнын мококтугубу же?..
— Кызыктуу суроо. Сиздин пикириңизге толук кошула албайм. Анткени толкундоодон кийин элибиз жаңыланууну күттү. Президенттик шайлоо дагы ага чейинки өткөн парламенттик шайлоодон бир топ өзгөчөлөндү. Эл аралык байкоочулар да өзүнүн жогорку баасын берип кетти. Буга чейин де-юре парламенттик-президенттик башкаруу болгону менен де-факто президент эле башкарып келген. Бирок жоопкерчиликти эч ким алган эмес. Мындайча айтканда парламент өкмөткө шылтайт, өкмөт парламентке түртөт. Ушул маселе боюнча кандай кылуу керек деген таризде көп талаш-тартыш болду. Толук парламенттик башкаруу болсун деген да пикирлер айтылды. Мында эл парламентти, парламент өкмөт башчысын шайлайт. Премьер-министр болсо баарын башкарат. Ал эми президент эч кандай укукка ээ болбогон арбитр катары эле фигура болмок. Толук президенттик башкаруу болсун деген пикирлер туулду. Ошондуктан муну биз жалпы референдумга алып чыктык. Бул парламенттин чечими эмес. Конституцияда ар бир маанилүү маселе референдумда чечилиши мүмкүн деп жазылган. Конституциянын негизинде бийликтин жалгыз булагы эл деп айтылат. Эртеңки күнү "бир ууч адам эле чечип койгон" деген кеп болбосун деп тандоону элге койдук. Элибиз "президенттик башкаруу болсун" деп тандады.
Мамытов: эртең тарыхтын, келечек муундун алдында уяла турган иш жасабашыбыз абзел. Анын бир далили өрттөнүп талкаланса дагы парламент чогулуп, бийликти мыйзам талаасына алып кирип легалдаштырып берди.
— Конституциянын жаңы долбоору боюнча эмне айта аласыз? Кайсы жерине макулсуз, эмнесине макул эмессиз? Мисалы, ошол эле Курултай институтунун түзүлүшү... "Бул Жогорку Кеңештин эле кайталанмасы болуп калат, анда ЖКнын атын өзгөртүп, "Курултай институту" деп койбойлубу" дегендер да чыкты...
— Мыйзам боюнча сексенден ашык депутат демилгеледи. Президенттин милдетин аткаруучу катары өзүмдүн жарлыгым менен Конституциялык кеңешме түздүм. Мына ошол жерден талкуу жүрдү. Бул талкуу парламентте жүрсө "Жогорку Кеңеш өзүнө ыңгайлаштырып алды" деген сөздөр болмок. Ошондуктан атайын комиссия түзүлүп, анда жыйырмадан ашык депутат, илимдин докторлору, кандидаттары, бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик органдар мүчө катары катышты. Талаш-тартыш болду, пикирлер, сунуштар айтылды. Жалпысынан Конституцияны кабыл алып беришти. Конституция негизги мыйзам, ичине бардыгын камтый албайсың. Ага баары өз атын киргизгенге аракет кылат. Анткени кийин эч ким каршы боло албайт. Ошондуктан ар кандай күчтөр өзүнүн позициясын ошол китепке камтытканга аракет жасашты. Талкуу аябай кызуу болду. Албетте, анын жакшы жана кай бирөөгө жакпай турган жактары да болду. Мисалга, "бийлик, ыйгарым укуктардын көбү президентке берилип калыптыр" деп жатышат. Элибиз президенттик башкарууну тандап алды, демек, позиция, бийлик ошол жакка берилиши керек. Жоопкерчиликти алып жаткандан кийин мүмкүнчүлүгү да болушу абзел. Экинчиден, буга чейинки мамлекет башчылар башкарууга көмүскө таасир этип келген болсо, биз болгону аны легалдаштырдык. Бүгүнкү күндө бардык жоопкерчилик президентке жүктөлдү.
— Парламент тарыхында VI чакырылыш өзгөчө болду. Тарыхый чечимдерди кабыл алган учурларга туш болду. Төрага катары айтып кетсеңиз, бул чакырылыштын депутаттары кийин "биз туура эле кылган экенбиз" дей тургандай болуп жатабы?
Талант Мамытовдун жубайы — акушер. КМШдагы жаңы президенттердин жубайлары
— Буга чейин V чакырылышта депутат болдум. Анын өзүнчө өзгөчөлүгү болгон. Көптөгөн ири маселелер ошол жерде көтөрүлгөн. Бул парламентке да ар кандай ат коюлуп, түрдүү нааразычылыктар айтылды. Бул биринчи кезекте саясий көз караштар дал келбеген жагдайда болот. Парламентте ЖЭБ маселеси каралганда экс-президенттин макамы алынган. Ал ошондо айтылган сөз. Ачыгын айтканда, экс-президент парламентке ошондой ат (чимкирик — ред.) койгон. Аны туура эле кабыл алуу керек. Азыркы парламенттин көпчүлүгү учурунда ошол кишинин (Алмазбек Атамбаев — ред.) таасири менен келген. Анан "бизди коргобой койдуңар, жетелеме болдуңар" деген нааразычылыктар айтылды. Бирок келишпестиктер боло бергени менен ар бир депутат жеке жоопкерчилигибизди сезишибиз керек. Эртең тарыхтын, келечек муундун алдында уяла турган иш жасабашыбыз абзел. Анын бир далили өрттөнүп талкаланса дагы парламент чогулуп, бийликти мыйзам талаасына алып кирип легалдаштырып берди. Ошол себептен башка өлкөлөр да "Кыргызстанда бийлик бар, Конституциянын талаптарына жараша иш жүрүп жатат" деп бизди колдошту. Парламент өлкөнү кайрадан мыйзам талаасына алып келди.
2010-жылы парламент да, конституциялык сот да куулуп, айла жок Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Бир топ талаш-тартыштар болуп, ал бир жылга созулган. Быйылкы окуяда эл алдында парламент өз ишин так аткарды. Парламенттин төрагасы болгонума байланыштуу өткөөл мезгилде Конституциянын 68-беренесине ылайык, жаңы президент шайланып келгиче убактылуу президенттин милдетин аткардым. Бул дагы тарыхта калды. Бирок кеп биздин кандай ийгиликке жеткендигибизде эмес. Оор мезгилде кимибиз кандай кадамга бардык? Жоопкерчиликти ала алдыкпы? Стабилдүүлүккө алып келүү үчүн эмне жасадык? Негизги маселе ушул. Парламенттин VI чакырылышы да өзүнүн миссиясын толугу менен аткарды деп айтар элем.
Мамытов: быйылкы окуяда эл алдында парламент өз ишин так аткарды
— Бир эле убакта парламентти жетектеп жана президенттин милдетин аткаруу оор болсо керек. Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу болуп калышыңызды билдиңиз беле? Кандай сезимде болдуңуз?
— Жок, билген эмесмин. Жогоруда оор мезгилде парламент чоң жоопкерчиликти алды дедим го, ал эми ошол парламентти башкаруу вазыйпасы мага жүктөлдү. Эч жакка тартпай мыйзам менен иш алып бардым. Алгач парламентке шарт түзүп беришим керек эле, депутаттар иш алып баруусу үчүн акырындан Ак үйдө оңдоо иштерин жүргүздүк. 2010-жылы Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине 120 миллион, техникалык жабдууга жана эмеректерге 180 миллион сом жумшалган. Жалпы 300 миллион коротулуп жатат. Бул каражаттын бардыгы мамлекеттин эсебинен алынган. Ал эми октябрь окуясында талкаланган имаратты калыбына келтирүү үчүн 19 миллион сомдон ашуун гана каражат кетти. Кээ бир депутаттарга чоң кабинеттерди берип, "сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар, өзүңүз отуруп оңдоп алыңыз" дедик. Мындан сырткары, дагы техника алуу үчүн 10 миллион сомдой керектелет, ал бюджеттен бөлүнүшү мүмкүн.
Экинчиден, президенттин милдетин аткарууга киришкенде кыжалат болдум. Себеби алты миллион адамдын тагдырына жоопкерчилик алдым. Ар бир кол коюлуучу кагазга, айта турган сөзүмө, кабыл алып жаткан чечимиме да ойлонуп кадам жасадым. Президенттик шайлоону жана референдумду ачык-айкын өткөрүп берүү менин негизги милдетим болду. Кызматты тапшырып бергенде абдан сүйүнүп, жеңилдедим. Бирок муну элдин, мамлекеттин алдындагы милдетим болгон деп эсептейм. Менден башка бирөө болсо деле оор мезгилде жоопкерчиликти алышы керек эле. Андай азаматтар көп. Бирок милдет мага жүктөлдү. Мен татыктуу алып кеткенге аракет жасадым.
— Талант Турдумаматович, 2012-жылы досторуңуз менен чогуу митингге чыккансыздар. Кыргызстанда көп митинг болгону менен ушул нааразычылык акциясы эч унутулбайт. Ошол акцияга катышканыңызга өкүнбөйсүзбү?
— Жок, өкүнбөйм. Ошол акция баарыбыздын тагдырыбызды өзгөрттү. Бизди максатташ, тагдырлаш кылды.
Мамытов: жогоруда оор мезгилде парламент чоң жоопкерчиликти алды дедим го, ал эми ошол парламентти башкаруу вазыйпасы мага жүктөлдү.
— Бийликке "каралар" келди дегенге кандай комментарий берет элеңиз?
— Жакшы суроо бердиңиз. Биздин коомубуз ээн-эркин, демократия өкүм сүргөн мамлекетпиз. Ар бир талапкердин өзүнүн стратегиясы болот. Сиз көтөргөн суроо өткөн президенттик шайлоо учурунда айрым саясатчылардын оппоненттерин каралоо, өзүнүн рейтингин көтөрүү процессинен келип чыккан маселе деп айтар элем. Анткени антип айтуу үчүн алгач биздин өмүр таржымалыбызды карап көрүү керек. Бул интернетте ачык жазылып турат. Мисалга, мен эмгек жолумду прокуратура органдарында иштөө менен баштагам. Он жыл катардагы кызматкерден баштап тергөөчү, прокурордун орун басары жана райондун прокуроруна чейин жеткем. Кесибим боюнча юристмин. Садыр Нургожоевич да убагында Коррупцияга каршы кызматты башкарган, депутат болгон. Камчыбек Кыдыршаевич өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министри, парламенттин депутаты катары эмгектенген. Ал эми абакка чогуу түшүп калганыбыз бул биздин каалообуз эмес. "Мамлекетти басып алууга аракет жасадыңар" деген кине менен камашты. Ага каршылык көрсөткөн жокпуз, себеби биздин максатыбыз адилеттүүлүк болчу.
— Кечиресиз, абак адамга кандай таасир берет экен? Сиз кандай өзгөрүп чыктыңыз? Ошол эле Садыр Нургожоевичтин өзгөрүп чыкканын мурунку депутат кезиндеги видео тасмаларынан карап байкоого болот.  Досторуңуздан жана өзүңүздөн түрмөдөн чыккандан кийин кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?
Депутаттар "Кумтөрдүн" ишин текшере турчу комиссия түздү. Курамына киргендер
— Албетте, абак адамды өзгөртөт. Бирок бул адамдын өзүнүн мүнөзүнөн болсо керек. Башкаларды айта албайм, ар ким өзү үчүн жооп бериши керек. Мен материалдык баалуулуктарга кызыкпай калдым. Ал жактан көп китеп окуп, жашоонун маани-маңызы, өмүргө эмнеге келип, эмнеге кетебиз, саясатка эмнеге келдим деген философиялык суроолорго жооп издедим. Көп жылдан бери башка мамлекеттерге барганда байкаган өзгөрүүлөрдү күндөлүккө жазып коюп жүрчү элем. Ошолорду алып кирип алып, мамлекетти өнүктүрүү стратегиясын жаздым. Мага ушундай таасир берди.
Тарыхты да изилдеш керек, анткени тарыхтан сабак алабыз. Саясатка өзгөртүү киргизүү үчүн келүү керек, ал колдон келбесе, саясатта жүрүүнүн деле кереги жок. Бүгүн коомубуз өзгөрүп, элибиз өнүксө деген жакшы максаттар менен иштеп жатабыз. Бирок 20 жылдан бери келе жаткан көйгөйлөр дароо чечилип кетиши кыйын. Бүгүнкү күндө коомубуз да бир багыттуу эмес, ар кандай көз карашта. Бир маселени кеп кылсаң, ага сөзсүз каршы пикир айтылат. Жакшы программалардын алкагында элди бириктирип, мамлекетти сапаттуу жашоого жеткирүү керек. Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич да ушундай эле ойлорго баткан деп ойлойм. Анан бул — биринчиден сыноо. Ошол жерден сынбай чыгуу да чоң маселе. Үчөөбүздүн ичибизден эң чоң сыноолордон өткөн жана эрки күчтүү Садыр Жапаров болду.
— Жогоруда материалдык байлыкка анча кызыкпай калганыңызды айттыңыз. Ишкерлик менен алектенесизби?
— Мен негизи мамлекеттик кызматтарда иштедим. Чарбалык иштер менен көбүнчө инилерим алектенчү. Жубайымдын чакан иши бар, ижарага алып дүкөн иштетет. Жалпы үй-бүлөлүк, өзүбүзгө жетерлик оокатка ээбиз. Бирок чоң бизнести аркалап, ашыкча байлык топтогон жокпуз.
— Саясий чечимдерди кабыл аларда үй-бүлөңүздүн ой-пикири менен эсептешесизби? Таасири тиеби, балким жубайыңыз менен акылдашарсыз?
— Үй-бүлө болгондон кийин ысык-суукту чогуу тартабыз. Саясатта өзүмдүн башымдан да көп нерсе өттү. Бирок ар бир кабыл алган саясий чечимдерим эч качан үй-бүлөм менен макулдашылган эмес. Үй-бүлөм деле мени дайыма колдоп келген. Талаш маселе болгон жок. Бирок менин жакындарым, бир туугандарым кандайдыр бир ката кетирген болсом, кыйынчылыктарды мени менен чогуу көтөрүшөт. Мен мурда бул тууралуу ойлочу эмесмин, бирок азыр муну да эске алып калдым. Кандайдыр бир саясий чечим кабыл аларда ата-энеме, жакындарыма баарын толук айтпасам да кабардар кылып коюуну туура көрүп турам. Анткени башыңа кыйынчылык түшсө ата-энең, жакындарың да кошо кыйналат. Азыр ата-энем жетимишке таяп калды. Мурда иштерим тууралуу такыр айтчу эмесмин. Ыраазы болгонум — ата-энем, жубайым, бир туугандарым мени дайыма колдоп келишкен.
Мамытов: алгач парламентке шарт түзүп беришим керек эле, депутаттар иш алып баруусу үчүн акырындан Ак үйдө оңдоо иштерин жүргүздүк.
— Спортко болгон мамилеңиз кандай, кайсы түрү менен машыгасыз?
— Негизи өзүм спортко абдан жакынмын. Окуучулук кезимден бери чыгыш спортуна кызыгам. Анда каратэ абдан белгилүү, балдар арасында көп жайылган болчу. Бишкекке келип жогорку окуу жайына тапшырганда дене тарбия кафедрасында клуб ачып, балдарды төрт жылга жакын машыктырдым.
— Ийгиликке жетишкен шакирттериңиз барбы?
Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо
— Ооба, жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезимде өзүм менен тең чамалаш студент балдарды да машыктырчу элем. Азыр ал балдардын бирөө Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетте проректор болуп иштейт. Өзүм эмгек жолумду Баткенден баштагам. Баткенге барганда да ушундай окуялар болгон. Кээде  учурашып калгандар болот. Жылына сексенге жакын баланы машыктыргам. Убагында Кыргызстан курама командасында "Гермес профиде" Александр Воиновдун кол алдында машыккам. Бирок университетти бүткөндөн кийин өзүмдүн кесибим менен кеттим. Ал эми спортту бүгүнкү күнгө чейин колдойм. Кыргызстандын Эр таймаш боюнча өзүнүн федерациясы бар. Ал дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 30 федерациянын ичинде. Жаштарды дене тарбияга, спортко үндөп, ар кандай жаман адаттардан алыс болууга чакырып, иш алып барабыз. Жардам берем. Буга чейин спорт мен үчүн хобби болсо, азыр да бул ишти таштабай келебиз.
— VI чакырылыш өзүнүн тарыхый миссиясын аяктагандан кийин жеке пландарыңыз кандай? Өзүңүздү бийликтин кайсы бутагынан көрүп турасыз?
— Аны ойлоно элекмин. Азыр төрага катары да абдан чоң милдет мойнумда турат. Бул референдум боюнча Конституциянын жаңы долбоорунун кабыл алынышы, эл колдоп берсе ошол Баш мыйзамга негизги мыйзамдарды дал келтиришибиз керек. Ал — өкмөт, шайлоо жөнүндө мыйзам. Анткени депутаттардын саны кыскарып жатат. Бул да чоң жоопкерчилик, мына ошол маселелерди татыктуу аяктасак, анан бир аз эс алып, ойлоном.