Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен "Ак ордодо" жолукту

Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барды. Учурда президенттер тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Нур-Султандагы "Ак ордодо" жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров Казакстанга учуп кетти. Коштоп баргандардын тизмеси
Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң президенттер Казакстандын мамлекеттик туусуна келип башын ийишти.
"Ак ордонун" фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.