Өкмөт кымбаттап жаткан май менен кумшекерге бирдиктүү баа коюуну сунуштады

Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 46 пайызга, ал эми суу майы 54,6 пайызга кымбаттады.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Суу май менен кумшекердин баасын ооздуктоо үчүн мамлекеттик жөнгө салуу чарасын колдонуу сунушталууда. Бул тууралуу маалымат Экономика министрлигинин сайтына жарыяланды.
Премьер-министр Марипов азык-түлүктү арзандатуунун төрт жолун айтты
Мындай кадам ЕЭАБ жөнүндөгү келишимдин (№19 Жобо) Конкуренциялык эрежелер жана жалпы жоболор жөнүндөгү протоколунун 81-пунктуна таянуу менен жасалып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 46 пайызга, ал эми суу майы 54,6 пайызга кымбаттады.