Садыр Жапаров Казакстанга келди. Кимдер кантип тосуп алды. Сүрөт

Нур-Султандын эл аралык аэропортундагы флагштокто Кыргызстан менен Казакстандын туулары илинген, килем төшөлүп, ардак кароол тизилип турат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Нур-Султандын аэропортунан Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.
1 / 5
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди
2 / 5
Нур-Султандын аэропортунан Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты
3 / 5
Флагштокто Кыргызстан менен Казакстандын туулары илинген, килем төшөлүп, ардак кароол тизилип турат
4 / 5
Мамлекеттик сапардын алкагында Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, кызматташуунун маселелерин талкууламакчы
5 / 5
Ошондой эле мамлекет башчысынын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушуусу каралган
Флагштокто Кыргызстан менен Казакстандын туулары илинген, килем төшөлүп, ардак кароол тизилип турат.
Мамлекеттик сапардын алкагында Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, кызматташуунун маселелерин талкууламакчы.
Ошондой эле мамлекет башчысынын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушуусу каралган.
Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалганы айтылды.