Калык Акиев — өмүр баяны

Төкмө акын, Токтогулдун шакирти Калык Акиев 1883-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кара-Ой айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган.
Sputnik
Эмгек жолу:
Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Калык Акиев айыл кеңешинин төрагасы болгон. Ал 1919-жылы Казакстандын Жети-Суу облусунда өткөн 1-съездге делегат болуп барып келгенден кийин кичи мекени Жумгалга малын сатып, мугалим жалдап мектеп уюштурган. Аталган билим берүү жайы Нарын өрөөнүндө курулган алгачкы мектептердин бири болуп, имараты 1985-жылга чейин турган. Мындан сырткары, ал филармонияда артист да болгон.
Чыгармалары:
Жеңижок — өмүр баяны
Акындын чыгармалары Совет бийлиги орногондон кийин жарык көргөн. Биринчи ырлар жыйнагы "Калыктын ырлары" деген аталыш менен 1936-жылы басылып чыккан. Анын айтуусундагы "Жаныш-Байыш", "Курманбек" өңдүү элдик дастандар 1938-жылы жарыяланганы маалым. Өмүр жолун баяндаган "Баскан жол" деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып калтырган. Ал санат, насыят, терме ырларында жаштарды ак ниеттүүлүккө, эмгекчил болууга чакырган.
Калык Акиев "Курманбек" баштаган "Жаныш-Байыш", "Карач дөө", "Акмөөр", "Карагул ботом" сыяктуу элдик дастандарды комуздун коштоосунда айткан.
Сыйлыктары:
Токтогул Сатылганов — өмүр баяны
Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Калык Акиев Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ага 1939-жылы "Кыргыз ССРинин эл артисти" деген наам берилген.
Калык Акиев — Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Токтогул, Эсенаман, Найманбай, Эшмамбет сыяктуу элдик оозеки чыгармачылыктын чебери. Ал да эки доорду көрүп, ырчылык татаал жолду басып өткөн.
Төкмө акын 1953-жылы дүйнөдөн кайткан.