БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин окумуштуулары коронавирустун "британиялык" штаммын аныктоо үчүн дүйнөдөгү биринчи тест-системасын каттоого алышты. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазды.
Ага ылайык, "АмплиСенс" SARS-CoV-2-UK-IT реагенттеринин топтому дал ошол коронавирустун мутация болгон штаммын аныктайт.
Жаңы жасалган тест-система бардык клиникалык сыноодон өткөрүлүп, Россияда колдонуу үчүн каттоого алынган. Мындан тышкары, ал коронавирустун жаңы штаммын так аныктай ала турганы айтылды.
Портал коронавирустун мутацияланган штаммы вирустун өзүнө салыштырмалуу жеңилирээк өтөрүн билдирген. Жаңы штамм деле аба аркылуу жугат. Ооруну алдын алуу үчүн буга чейин айтылган эрежелер аткарылышы керектиги белгиленди. Алсак, вирус жуктургандар изоляцияланышы шарт. Ошондой эле аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, эмдөө жүргүзүү зарыл.