Бул субмаринаны иштеп чыгууга 20 жылдан ашуун убакыт сарпталган, ал таамай куралды ташый алат. Анын багытын аныктоо өтө татаал. Долбоордун өзгөчөлүктөрүнө Николай Протопопов кеңири токтолгон.
Машакаттуу долбоор
"Кронштадт" жана "Великие Луки" суу түбүндөгү кайыктары россиялык моряктарга быйыл тапшырылмак, бирок контрагенттер менен болгон көйгөйдөн улам жылдырылганын айтат РФтеги "Адмиралтейские верфи" кеме куруучу ишканасынын башкы директору Александр Бузаков.
Сентябрда Биргелешкен кеме куруучу корпорациясынын жетекчиси Алексей Рахманов эки кеменин сериялык чыгарылышы кечеңдей турганын маалымдаган, анткени тетиктерди жабдуучулардын бири белгиленген мөөнөткө үлгүрбөй калган. Долбоордо башынан бери эле ушундай кечигүүлөр көп болду. Иш 1990-жылдардын аягында эле старт алып, "Санкт-Петербург" деген аталыштагы негизги кемесин куруу башталган.
Ал 2004-жылы сууга коё берилген. Эки жылдан соң РФтин Аскердик-деңиз флотуна жөнөтүлмөк. Бирок Түндүк флот аны сынамык пайдаланууга 2010-жылы гана алган. Эскилиги жеткен 877-долбоорунун "Палтус" кайыктарын "Ладалар" менен алмаштыруу пландалган. Суу түбүндөгү жаңы кайыктар кичирээк, гидролокаторлорго байкалбайт. Россиялык кеме куруудагы стандартка коошпогон бир корпустуу схема кайыктын дабышсыз сүзүшүн камсыздайт.
Мындан тышкары, "Ладалар" — келечекте абадан көз каранды болбогон күч орнотмолору менен жабдыла турган алгачкы суу түбүндөгү кайыктар. Балким, жаңы конструктивдүү чечимдердин көптүгүнөн жана аларды "темирде" ишке ашыруунун татаалдыгынан улам кеме тутумунун курулушу создуктурулуп келгендир.
Башкы кемени сыноолордун жүрүшүндө гидроакустикалык комплекстеринде олуттуу көйгөйлөр аныкталган. Ал эми калактуу электр кыймылдаткычынын күчү суу алдында тийиштүү ылдамдыкка чыгарууга жетишсиз болгон. Бирок баары бир РФ Аскердик-деңиз флоту бул типтеги жаңы кайыктарды күтүшкөн, ошондуктан "Ладалардын" ордуна Тынч океандык флот үчүн "Ладалардын" ордуна 636 долбооруна таандык, мезгил менен сыналган жана жакшы өздөштүрүлгөн алты "Варшавянкага" буюртма кылышкан.
Майда, бирок пайдасы ат көтөргүс
Адистердин пикиринде, "Ладалар" — эң заманбап жана келечектүү атомдук эмес субмариналар. Чакан көлөмүнө карабастан, көп функционалдуулугу менен айырмаланышат. Суу түбүндөгү жана суудагы кемелерге туруштук берип, жээктеги объектилерге сокку уруп, мина тосмолорун коюп, жээкти десанттарды түшүрүүдөн коргоп, аскердик бөлүктөрдү жана атайын багыттагы жүктөрдү ташый алат.
Негизги артыкчылыгы — жогорку деңгээлде автоматташтырылышы, дабышы төмөндүгү, мобилдүүлүк жана маневрдүүлүгү, бул өзгөчөлүктөрү диверсиялык жана чалгындоочу операцияларда натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Кубаттуу гидроакустикалык комплекси жана дароо үч сезимтал антенна менен жабдылган, маңдайкы бөлүгүндө бирөө, капталдарында экөө жайгашкан.
Сыйымдуулугу 1,8 миң тоннанын тегерегиндеги суу түбүндөгү кеменин ылдамдыгы 20 узелге дейре жетет. Тереңдиги — 350 метрге чейин. Аны менен катар эле экипаж жалпы 30 кишиден турат. Куралдануусуна токтолсок, стандарттык түрдө "Ладалар" бортунда 533 миллиметрлик калибрдеги 18 торпеда жана 20 чакты минаны ташыйт. Торпедалык аппараттар кайыкка каршы коргонуучу саатына 300 чакырымга чейин күүлөнө алчу "Шквал" ыкчам ракета-торпедалары менен атууга ылайыкталган. Анан, албетте, көптөгөн россиялык заманбап кемелер өңдүү эле "Ладалар" канаттуу "Калибр" ракеталарына ээ. Сериялык субмариналардын алгачкы экөөнү абадан көз карандысыз энергетикалык орнотмосуз курушат. Бузаковдун айтымында, Россияда андай жарала элек. Бирок анын тобундагы калган кемелер флотко берилет.
Көзгө көрүнбөс күзөтүүчүлөр
"Лада" — мурдагы долбоорлорго негизделген суу түбүндөгү кайыктардын жапжаңы классы, - дейт Флотту колдоо жалпы россиялык кыймылынын төрагасы, биринчи рангдагы капитан Михаил Ненашев. — Соңку 15-20 жылда "Лада" алкагында 150нүн тегерегинде сынамык-конструктордук ишти өздөштүрүштү. Бир дагы долбоордо мынчалык иш аткарылган эмес. Маңызында бул суу түбүндөгү чоң лаборатория".
Эксперт белгилегендей, мурдагы долбоорлорго салыштырмалуу "Ладалардын" бортуна көбүрөөк торпеда салынат.
Уникалдуу тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүнөн улам бардык тактикалык жана стратегиялык багыттарда иш алпара алат. Мындан сырткары, түзүлүшү ракеталык комплекстерди жайгаштырууга ылайык.
"Бул дизелдик-электрдик кайыктарынын дабышы деңиз добушуна окшошуп кетет, ал эми жаңы гидроакустикасы башка кемелерге караганда алда канча көбүрөөк мейкиндикти тыңдай алат, — дейт Ненашев. — Бул абдан маанилүү, себеби "Ладалар" Арктикада жайгашмакчы. Дагы бир артыкчылыгы — чакан көлөмү, бул суу түбүндөгү кайыктарды тайыз да, аябай терең сууларда да пайдаланууга мүмкүндүк берет. Болжолдуу душмандын атомоходдору каалаган жеринде жайгаша албайт, ал эми "Лада" сымал суу түбүндөгү кайыктарда аймакты ийгиликтүү коргоого болот".
Россиялык суу түбүндөгү дизелдик кайыктар өз классында мыкты деп табылган. Кара деңиз флотунда мындай алты кайык күзөтүүдө, жакынкы жылдары дагы алты кайык тынч океанчыларга берилет. Кызмат өтөөчү туруктуу жерге жайгаштырууга эки субмарина даярдалууда.
Дабышсыз жана байкалбастыгынан улам мындайларды НАТОдо аларды "кара туюк" деп атап коюшат. Бирок "Ладалар" алардан да акырын сүзөт. Башкы кемени – "Санкт-Петербургду" сыноодо 677-долбоордун байкалбастык деңгээли бул сериядагы бардык үлгүлөрдөн кыйла жогору экени айгинеленди.