Жапаров Путинге эмне тартуу кылганы белгилүү болду

Мамлекет жетекчиси башында турган КР делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга барып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул туурасында ал "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы жазды.
Анда журналист Жапаровдон коноктор ар дайым кур кол келбестигин эске салып, бул ирет кандай белек тартуулаганын сураган.
"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Ал кылыч Кыргызстандагы чебер усталардын колунан жасалган", — деп жооп берди Жапаров.
Эске салсак, Жапаров башында турган кыргыз делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга жумушчу сапары менен барып келген. Анын жыйынтыгы туурасында бул жактан билип алыңыз.