Россия Кыргызстанга жардам катары 4,5 миң тонна үрөн жөнөтөт

Мамлекет башчынын маалымат катчысынын айтымында, Россия менен айыл чарба тармагы боюнча техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россия март айында техникалык жардам катары Кыргызстанга 4 530 тонна үрөн жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Анын айтымында, өлкөгө буудай, арпа, сары кычы, күн карама, сафлор, жасмык (чечевица) жана соянын үрөнү алып келинет.
Эске салсак, Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 24-25-февраль күндөрү Россияга жумушчу сапары менен барган. Ал президент Путин жана өлкөнүн башка жооптуу кызматтагы адамдары менен жолуккан.