Кыргызстанда орус тилдүү 44 мектеп-интернатын куруу пландалууда

Билим берүү мекемелеринин курулуш иштери Россиянын колдоосу менен ишке ашат. Балдарды окутуу үчүн россиялык педагогдор тартылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарына орус тилдүү 44 мектеп-интернатын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Ал бул нерсе Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында макулдашылганын айтты.
"Билим берүү мекемелеринин курулуш иштери Россиянын колдоосу менен ишке ашат. Мектеп-интернаттарына россиялык педагогдор тартылат", — деди ал.
Кыргызстандын жети облусунда 40 район бар.