Кыргызстан мал сатууну эселеп көбөйткөн. Былтыркы статистика

Бийлик былтыр ноябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кыргызстандан мал сатып алууга суроо-талабы күч болгондуктан жарым жылга экспорттоого тыюу салган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Узаган жылы 2019-жылга салыштырмалуу Кыргызстандан мал сатып алуу бир нечеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бодо мал менен майда жандыктар (кой, эчки) коңшу мамлекеттер Өзбекстанга жана Тажикстанга экспорттолгон.
2020-жылы 10,9 миң бодо мал сатылган, андан мурдагы жылы болсо 1,3 миң гана ири мүйүздүү мал экспорттолгон.
Өткөн жылы 36 339 кой жана эчки сатылган, ал эми 2019-жылы болгону 5 075 жандык экспорттолгон. Бардыгын Өзбекстан алып кеткен.

Малды сатууга тыюу салуу

Белгилей кетсек, бийлик былтыр ноябрда Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда Кыргызстандан мал сатып алууга суроо-талап күч болгондуктан жарым жылга экспорттоого тыюу салган. Буга алып сатарлар убакыттан пайдаланып бааны көтөрүп жибергени да себеп болгон. Бирок ошол кездеги айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Кыргызстандан чет өлкөгө тирүү малды чыгарууга тыюу салынганына карабай күнүнө жүздөп, миңдеп өткөрүп кетип жатканын айтып чыккан.