БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Кыргыз маданияты жана опера искусствосу оор жоготууга учурады. Сейталиев кечээ, 24-февралда, көз жумган.
Сейталиев 1937-жылы 3-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган.
Эмгек жолун колхоздо иштеп баштап, 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары № 15 Фрунзе жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган.
1962-1969-жылдары Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун (Алма-Ата шаары, Казак ССРи) вокал факультетинин бүтүргөн (азыркы Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясы).
Алматыдагы Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство консерваториясында окуу менен бир мезгилде Казак радиосу жана телевидениесинин камералык оркестринин солисти болуп иштеген.
1969-2013-жылдар ичинде операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-класстын жетекчиси болгон.
1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жеке ырдоо классында иштеген.
Токтоналы Сейталиевдин 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, Вердинин "Дон Карлос", Пуччинин "Жанни Скикки" (Ринуччо), Доницеттинин "Любовный напиток" (Неморино), Бойтонун "Мефистофель" (Фауст), Гунонун "Фауст" (Фауст), Мусоргскийдин "Борис Годунов" (Юродивый), Вердинин "Риголетто" (Герцог), "Травиата" (Альфред) жана башка дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган.
Ал 1970-80-жылдарда Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Орто Азия жана Казакстан республикаларындагы жеке концертин активдүү коюп, советтик артисттердин концерттик бригадаларынын курамына кирип, Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Японияга барган.
Опералык ариялардан тышкары, Сейталиевдин камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген. Алар: Атай Огомбаевдин "Гүл", "Эсимде", Владимир Левашовдун "Россиянын булбулдары", Мукаш Абдраевдин "Жалыныңа күйгөнмүн" жана башкалар.
Көп жылдык чыгармачыл ишмердигинде ал ардактуу жана илимий наамдар, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар, ошондой эле өкмөттүк сыйлыктарга татыган.
1995-жылы Жеке ырдоо кафедрасынын профессору илимий наамы, Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору, 1993-жылы Эл аралык "Алтын көпүрө" (Казакстан) сыйлыгынын лауреаты, Россия Федерациясынын Илим, жогорку билим берүү жана техникалык саясат министрлигинин Жогорку билим берүү комитетинин чечими менен ырдоо кафедрасында доценттин илимий наамы, 1972-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1984-жылы СССРдин эл артисти ардактуу наамдары жана 1981-жылдагы концерттик программалары үчүн 1982-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.