Суу астындагы кооздук. Эл аралык фотосынактагы 15 мыкты сүрөт

Underwater Photographer of the Year 2021 эл аралык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка 68 өлкөнүн фотографтары тарабынан суунун алдынан тартылган 4500 эмгек түшкөн. Катышуучулар бир нече номинациялар боюнча ат салышкан.
Sputnik
Сынактын баш байгесин калифорниялык Рене Капоццола жеңип алды. Ал Франциядагы Полинезия аймагына күн баткан учурда суунун астындагы акулалар менен суу үстүндөгү чардактардын сүрөтүн тартып алууга жетишкен. Рене бул жеңиши менен Британияда жыл сайын өтүүчү абройлуу сынактын жеңүүчүсү деп табылган биринчи аял фотограф болгон.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн калыстар тобу тандап алган эң мыкты эмгектерди көрүңүз.
 
1 / 15
Сынактын башкы байгесин калифорниялык Рене Капоццола жеңип алды. Ал суунун астындагы акулалар менен суу үстүндөгү чардактарды сүрөткө тартып алган (Франция)
2 / 15
Сынакка келип түшкөн норвегиялык Гаолис Харроунун сүрөтү "Макро" номинациясындагы сыйлыкка татыган. Ал өзүнүн эмгегин "Атка окшогон деңиз эргежээли" деп атаган
3 / 15
Бул сүрөттү британиялык Кирсти Эндрюс Шотландияга жакын Мулл кысыгында чөгүп кеткен шведдик SS Hispania буу кемесинин ичинен тартып алган. Бүгүнкү күндө суу астындагы бул кооздук дүйнөнүн чар тарабынан миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат
4 / 15
Британдык фотограф Ян Уэйддин бул сүрөтүнөн суу алдынан жем издеп жаткан ак кууну көрүүгө болот. Сүрөт GoPro камерасы менен тартылган
5 / 15
Багам аралдарындагы Нассауда чөгүп кеткен кеме. Бул укмуштуудай сүрөттүн автору германиялык Тобиас Фридрих
6 / 15
Малькольм Ниммо кандек балыктын сүрөтү үчүн "Британ сууларындагы мыкты макро" номинациясын жеңип алды
7 / 15
Бул сүрөттүн автору орусиялык Олег Гапонюк. Сүрөт былтыр март айында Палау аралында тартылган
8 / 15
Британиялык Марк Кирклэнд көлмөдөгү баканын сүрөтү үчүн Британиянын "Суу алдындагы фотограф" сыйлыгына татыды
9 / 15
Америкалык фотограф Карим Элайжа бул сынакта эки байгени алды. Анын "Мексикада жогорку ылдамдыкта аңчылык кылган чаар марлин" аталышындагы сүрөтү "Кылык-жорук" номинациясында байгеге татыган
10 / 15
Ошондой эле анын дагы бир эмгеги "Деңиз чөйрөсүн сактоо" номинациясында мыкты деп табылды. Бул жолу ал Панаманын Гуна-Яладагы калкы көп аралды бийиктиктен тартып алган
11 / 15
Кытайлык фотограф Цзин Гун Чжан өзүнүн эмгегин "Бетме-бет" деп атаган. Сүрөттө чоң ооз деңиз балыктары көрсөтүлгөн
12 / 15
Соломон аралдарындагы суу астындагы суучул. Бул өзгөчө сүрөттүн автору австралиялык Диана Ферни
13 / 15
"Компакт" номинациясында Жаңы Каледониядан келген Жек Бертомиер жеңүүчү болду. Анын эмгеги "Эгиздер" деп аталат
14 / 15
Бул сүрөттүн автору америкалык Мартин Броун. Ал Мексикадагы жер астындагы дарыяны кадрга түшүргөн
15 / 15
"Портрет" номинациясындагы жеңүүчүнүн эмгеги. Сүрөттө жапон фотографы суу астындагы губанды тартып алган