Шайлообек Атазов менен Бурун Аманова Жогорку Кеңешке депутат болуп келет

Мандат алары белгилүү болгон талапкерлер күздөгү шайлоого "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары менен катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Шайлообек Атазов менен Бурун Аманова Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Маалыматты "Ата Мекен" фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова тастыктады.
Бурун Аманова
Атазов жакында эле депутаттыктан кетип президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келет.
Сиз келипсиз, бүтөт. Марипов жаңы мандат алган депутатты тамашага салды. Видео
Ал эми Аманова мандатын тапшырып Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кеткен Гүлнара-Клара Саматтын мандатын алат.
Мандат алары белгилүү болгон талапкерлер 2015-жылкы шайлоодо "Ата Мекен" партиясы менен катышкан.
Бирок Шайлообек Атазов жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" (49-катарда) партиясы менен аттанган. ЕРЕМ спорт клубунун аткаруучу директору. Өткөн жумада Атазов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митингинин модератору болгон. 
Бурун Аманова "Биримдик" партиясы (40-катарда) менен катышкан. "Небесные горы" туристтик компаниясынын жетекчиси.