Эмне үчүн дал азыркы убакта ушундай кадамга барышты? Ушул тема тегерегинде Наталья Дембинская ой учугун чубаган.
Баалуу кагаздар баяны
АКШ Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, дал ушул тапта Россиянын 6,011 миллиарддык америкалык мамлекеттик облигациялары бар. Алардын ичинен 1,2 миллиарддык облигация – узак мөөнөттүү, ал эми 4,8 миллиарды — кыска мөөнөттүү баалуу кагазга салынган. Декабрда анын запасы миллиард долларга толукталган.
Бул кагаздарды сатуу менен АКШ өкмөтү бюджеттин таңсыктыгын жана башка чыгымдарын жабат. Америкалык мамлекеттик карыз дээрлик 28 триллионго чыккан.
2010-2013-жылдары россиялык салымдын көлөмү 170 миллиарддан ашкан. Москва ири трежерис ээлеринин катарына кирет. Бирок 2014-жылдын апрелинде Вашингтон санкция киргизген соң, аталган мамлекет облигациялардан кутула баштаган.
2018-жылы РФ Борбордук банкы АКШнын казыналык милдеттенмелер топтомун дароо эки эсе кыскартуу менен ири сатыкты уюштурган. Эл аралык резервдердеги америкалык баалуу кагаздардын үлүшү болушунча азайган. Аларга салынган каражатты РФ башкы банкы алтын, евро жана юанга жумшаган.
Диверсификация
Америкалык мамлекеттик карыз АКШнын Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаз болуп саналат. Вексель жана мамлекеттик облигацияларды жеке жана юридикалык тараптар, штат жана мамлекеттердин бийлиги сатып алышат.
Бул кагаздардан түшкөн киреше анчалык жогору эмес, эки жарым – үч пайыздын тегерегинде. Бирок европалык жана япониялык карыздар боюнча киреше дээрлик жок же терс пайдага ээ. Анткен менен кеп башкада: Кошмо Штаттардын мамлекеттик облигациялары дүйнөдөгү эң ынанымдуу жана акчага тез айланчу инструменттердин бири болуп саналат. Аларды сатып алуу жана сатуу жеңил.
"Убактылуу бош (ашыкча болуп) турган каражаттарды АКШнын мамлекеттик карызына салуу пайдалуу. Жылдык эки-үч пайыз – миллиарддар сөз болуп турганда кыйла көлөмдүү акча. Ушул учурда саясат экономикалык чечимдерге таасир этпөөгө тийиш", — дейт РФ Мамлекеттик думасынын каржылык рынок комитетинин мүчөсү Дмитрий Скриванов.
Ошентип, трежеристин көлөмүн көбөйтүү менен Москва рыноктон орун алышын белгилегендей болду. Бул эл аралык резервдерди диверсификациялоо үчүн керек. Азыр Россиянын 590 миллиард доллары бар, анын ичинен алты миллиарды түздөн-түз АКШнын мамлекеттик карызына салынган. Талдоочулар муну Москва жалпы дүйнөлүк тенденциялар менен кадамдаш экендигин түшүндүрөт. Долларга суроо-талап өсүп келет, анткени бул валюта өзгөрүлмөлүүлүккө жана инфляцияга анча дуушар болбойт.
"Миллиард доллар — кыйла ири сумма, муну активдердин кыйла чектелген тобуна салууга болот. Алтынга суроо-талап өтө жогору, евро менен юанда ансыз деле резервдин үлүшү чоң.
Америкалык мамлекеттик карызга салым салуу — бул диверсификациялоо элементи", — деп тактайт Өнөр жайчылар жана ишкерлердин орус-азиялык союзунун президенти Виталий Манкевич.
Кытай варианты
Былтыр декабрдын аягында Кошмо Штаттардын мамлекеттик баалуу кагаздарынын ири көлөмдөгү ээси Япония болгон (1,2 триллион доллар). Андан мурда бул багытта Кытай биринчи орунда эле, азыр Пекин 1,06 триллион доллар менен экинчи сапка түшкөн. Үчтүктү 428,9 миллиард доллар менен Улуу Британия жыйынтыктайт.
Соода согушунун айынан кытайлыктар 200 миллиарддан ашуун көлөмгө кыскартуу менен бул баалуу кагаздардан пландуу түрдө арылып келген. Анткен менен Пекиндин колундагы эбегейсиз америкалык карыз — Вашингтонго кысым көрсөтүүнүн күчтүү рычагы.
Уланып келе жаткан жаңжал кокус АКШнын экинчи ири чет элдик кредитору трежеристи масштабдуу сатууну уюштурушу ыктымал деген чочулоолорду күчөтөт. Андай көрүнүштүн кесепети оңдурбайт. Биринчиден, кыска убакытта 100-200 миллиарддык облигацияларды сатуу алардын баасын түшүрөрү турулуу иш.
Натыйжада Кытайдын өзүнүн тышкы актив жана резервдеринин наркы арзандаган трежеристи сатуудан түшкөн пайда сымал эле бир топ төмөндөйт. Ал аз келгенсип доллардын куну түшөт, ал эми Пекинге андай жагдайдын зарылдыгы жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытай экспортун кымбаттатат.
Алтын кору
Бир нече жылдан бери россиялык Борбордук банк доллардан кутулуп, алтынга басым жасап келет. 2020-жылы резервдердеги баалуу металлдардын үлүшү алгач ирет америкалык валюталардын көлөмүнөн ашкан, ал эми февралда монетардык алтын кору 136,7 миллиардга жеткен.
РФтин алтын кору жыл ичинде дээрлик 28 тоннага өстү. Универсалдуу акчалай эквивалент деп эсептелген баалуу металл пайыздык киреше алып келүүчү активдерден да пайдалуулугу артып, санкциялык тобокелдиктердин бардык түрүнөн сактап келет.
Bloomberg белгилегендей, Россия дүйнөгө экономикасы үлкөн жана алтын валюталык резервдери көп өлкө доллардык активден арылып, андан кылы кыйшайып да койбосун көрсөттү.