Стресстен да арылтат! Кадимки пияздын пайдалуу касиеттери

Ачуу жашылча А, С, Е витаминдерине бай келип, терини тунук көрсөтүүгө, ден соолукту бекемдөөгө жардам берери кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Түркиянын Milliyet басылмасы кадимки пияздын пайдалуу касиеттери тууралуу макала жарыялаганын РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, аталган азык витаминге өтө бай жана ден соолукту бекемдөөгө жардам берет.
Басылма пияз сөөктү бекемдеп, холестериндин деңгээлин төмөндөтө турганын жазган. Мындан улам кан-тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги азайып, жүрөктүн иштөөсү жакшыраары айтылды.
"Пиязды чийки жеген учурда тамак сиңирүү да жакшырат. Ага кошумча бул азык ичегиде пайдалуу бактериялардын пайда болушун шарттайт. Пияздын курамында ар кандай 25 антиоксидант болгондуктан, алар организмдин клеткаларынын бузулуусун алдын алат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган жашылча оозду ар кандай бактериялардан да тазалайт. 
Муздаткычта кандай азыктарды сактабаш керек? Пайдалуу кеңеш
"Анын микробго каршы касиети тиштердин бекем болушун шарттайт. Пияздын курамында көз үчүн пайдалуу болгон "кверцетин" аттуу зат дагы бар", — деп жазган басылма.
Изилдөөдө окумуштуулар пияз уйкунун сапатын да жакшырта турганын аныкташкан. Анын курамында стресстен арылтып, ичегинин иштөөсүн жакшырткан була бар экени айтылды.
Ошондой эле аталган ачуу жашылча А, С, Е витаминдерине бай келип, терини тунук көрсөтүүгө да жардам берери кошумчаланды.