Радио

Орозбаев: мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүүдө бизнестен үлгү алса болот

Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев кадр саясатын жүргүзүүдө кызматкердин айлык маянасы стимул болорун айтты.
Sputnik
Азыркы жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында кадрларды кыскартуу менен оптималдаштыруу тууралуу айтылууда. Бирок алардын айлык маянасын көтөрбөй туруп мындай кадамга баруу жыйынтык алып келбейт. Бул тууралуу Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүүдө бизнес структурасынан үлгү алуу мезгили келип жетти.
"Кадрларды кыскартып коюу менен эле ал тармактын иши оптималдашып кетпейт. Туура кыскартууларга баруу менен калган кызматкерлердин айлык акысы жогорулабаса иш алдыга жылбайт. Бир бөлүмдүн ишин жалгыз жасап коюучу күчтүү эксперттер бар. Мына ушундай кызматкерлерди тартуу зарыл. Мисалга, муниципалдык кызматкерлерди ала турган болсок, 2019-жылдагы эсеп боюнча, 800дөн ашуун орун бош болчу. Жылына ушундай, 1000ге чукул кызмат орду бош турат. Анткени айлыгы аз жерге барып эч ким иштегиси келбейт. Мамлекеттик кызматта деле ушул көрүнүш", — деди Орозбаев.
Ал өкмөттүн учурдагы реформасынын негизинде мамлекеттик кызматкердин 20-30 пайыздайы кыскарышы мүмкүндүгүн кошумчалады.