Жаштарга бошотуп берейин! ЖК депутаты Максат Сабиров мандатын тапшырды

Эл өкүлү Сабиров  "Республика — Ата-Журт" партиясынын мүчөсү, 2015-жылы шайланып, ошондон бери парламентте келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров мандатын тапшырды. Бул туурасында ал өзү бүгүн жалпы жыйында маалымдады.
Сабиров жаштарга орун бошотуп берүү максатында кызматтан кетип жатканын айтып, жалпы шайлоочуларга жана кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Максат Сабиров "Республика — Ата-Журт" партиясынын мүчөсү, 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келе жаткан. Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Республика" партиясы менен катышкан.