"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду

Буга чейин депутаттык комиссия түзүлүлүп, текшерүү учурунда компаниянын эрежени сактаган-сактабаганын карап чыгары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия, "мамлекеттик комиссия" деп өзгөртүлдү. Тиешелүү токтом бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Аталган комиссияны Акылбек Жапаров жетектейт, ал эми орун басары дагы бир депутат Умбеталы Кыдыралиев болот.
"Президенттик аппараттан, өкмөттөн сунуш түшүп, алардын өкүлдөрүн дагы кошуп мамлекеттик комиссия түзсө туура болот деген сунуш түштү", — деди Жапаров.
Буга чейин депутаттык комиссия түзүлүлүп, текшерүү учурунда компаниянын эрежени сактаган-сактабаганын карап чыгары айтылган.
Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди: