Ташиевдин аскердик наамы жогорулап, үч жетекчи генерал болду

Аскер наамын жогорулатуу боюнча тийиштүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон. Эми өлкөдө генералдардын саны үчкө көбөйдү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана бир нече күч структураларынын жетекчилеринин аскердик наамдары жогорулады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Камчыбек Ташиев генерал-лейтенант, ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков милициянын генерал-майору, ЖАМКтын башчысы Аскат Эгембердиев ички кызматтын генерал-майору жана Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровго генерал-майор наамы берилди.